• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жыл башынан бери Кыргызстандын 59 ишканасы ЕАЭБдин реестрине катталды

Экономика 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. 8 айда Кыргызстандын 59 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилип, жалпы 413 ишкана катталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • сүт азыктарын өндүрүү – 44;
  • бал өндүрүү жана сатуу – 68;
  • балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
  • эт азыктарын өндүрүү – 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
  • мал союучу ишканалар – 11;
  • тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар -10;
  • жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 139;
  • жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14;
  • ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.

Мындан тышкары, Кытайдын реестрине – 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестрине – 43 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары), Түркиянын реестрине – 12 ишкана кирген.

Пикир

Оставить комментарий