• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жыл башынан бери Кыргызстандын товар жүгүртүүсү $6,5 млрд жакынды түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 6,5 млрд долларга жакынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2023-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу бул көрсөткүч 18,6%га, анын ичинде экспорт 4,8%га, ал эми импорт 21,7%га өскөн.

"2024-жылдын январь-май айларында Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү болжол менен 1,8 млрд АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу 0,4%га азайган.

Бул аралыкта өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия – 72,8% жана Казакстанга – 25,2% туура келген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий