Жыл башынан бери "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасына 1,1 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. 2023-жылга "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого "Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар" беренеси боюнча 1,6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу "Кыргызжылуулукэнерго" ишканаларынын жылуулук менен камсыздоодо жоготуулдын ордун толтуруу үчүн каралган.

2023-жылдын 15-июнуна карата 1,1 млрд сом суммасында чыгашалар каржыланып, бекитилген каражаттын 70,5%ын түздү.

Алсак, 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча аталган ишканага 760 млн сом бөлүнгөн болсо, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 347 млн сомго көп каржыланды.

Белгиленгендей, бюджеттик мыйзамдарга ылайык которулган каражаттарды андан ары бөлүштүрүү "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишкансына жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий