• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жыл башынан бери өлкөдө гепатит жуктуруп алгандардын саны 24 миңден ашты

Ден соолук 0

Бишкек, 19.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата республика боюнча вирустук гепатиттин 24 миң 460 учуру катталды. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Республикалык кан аркылуу таралган вирустук гепатит жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун диспансердик байкоо жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы Аида Мамырбаева билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч өсүүдө. Өткөн жылы 9 миң 234 адам аталган ооруну жуктуруп алган.

Анын айтымында, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч өсүүдө. Өткөн жылы 9 миң 234 киши аталган ооруну жуктуруп алышкан.

"Вирустук гепатит — кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу инфекциялык оору. Беш түрү бар, алар — А, В, С, Д жана Е . Гепатиттин В, Д жана С вирустук түрүнүн кесепети оор болгондуктан, ден соолукка коркунучу чоң. "А" вирустук гепатити оорусунун булагы болуп оорулуу адам эсептелинет. Оору байланыш-тиричилик жолу менен тазалыкты сактабаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук мүнөзгө ээ. Мындан улам күз-кыш мезгилинде оору жуктурган учурлар көп болот”,-деди ал.

Ошолдой эле дарыгер кошумчалагандай, 11 айда вирустук гепатиттин "В" түрү боюнча 15 миң 28 учур, ал эми "С" түрүн жуктуруп алган 1 миң 96 учур катталган.

"Гепатиттин "В", "С" түрү инфекция кирген кан жана аны менен байланышкан суюктуктар - шилекей, бел суу ж.б. аркылуу жугушу мүмкүн. Алардын жугуу жолдору табигый жана жасалма болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий