• 87
  • 90.55
  • 0.84

Жыл башынан бери өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548 млн сом жөлөкпул төлөндү

Экономика 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Жыл башынан бери өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548 млн сом жөлөкпул төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

2024-жылдын 1-январынан тартып КР министрлер кабинетинин токтому менен тегиз жерлерде иштеген аялдар үчүн 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 10дон 20га чейин көбөйдү, бул 100% га (1000 сомдон 2000 сомго чейин) жогорулатууга туура келет. Ал эми жөлөкпулдун орточо өлчөмү жогорулаганга чейин 3600 сом болсо, 2024-жылдын 1-январынан баштап 7500 сомду түзөт.

2024-жылдын 1-декабрына карата министрлик 26 миң 498 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548,5 млн сом жөлөкпул төлөгөн.

Пикир

Оставить комментарий