• 87
  • 90.43
  • 0.88

Жыл башынан бери маданият тармагы боюнча 12 эл аралык меморандумга кол коюлду – Чыңгыз Эсенгул уулу

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жыл башынан бери маданият тармагы боюнча 12 эл аралык меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын эл аралык кызматташуулары боюнча макулдашуулары Азербайжан, Германия, Франция, Түркия, Катар, АКШ, Россия, Өзбекстан жана Иран мамлекеттери ортосунда жетишилген.

“Катар өлкөсү менен маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Кинематография департаменти менен Франциянын CNC Улуттук кинематография жана анимация борбору, Ташкенттеги С.А. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунун филиалы, Түркиянын Кинематография департаменти жана башка мамлекеттердин маданий мекемелери ортосундагы тажрыйба алмашуу, кызматташуу жөнүндө бир катар меморандумдарга кол коюлду. Мындай кадамдар менен дүйнө элинин көңүлүн Кыргызстанга бурдуруп, маданий баалуулуктарыбызды жана искусствобузду жайылтууга аракеттер көрүлүп жатат. Эл аралык кызматташуунун алкагында жогорку деңгээлдеги кабыл алынган келишимдер, улуттук маданиятыбызды таанытууга жол ачат деген жакшы ой-тилектерибиз бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий