• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери Москвада кыргызстандыктардын катышуусунда 916 кылмыш катталган

Коом 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кечээ, 24-августта, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын ыкчам иштери боюнча башчысынын орун басары Александр Половинка менен жолугушту.

Россиядагы элчиликтин билдирүүсүнө караганда, Москва полициясынын жетекчилиги 2019-жылдан бери Кыргызстандын жарандары тарабынан Москвада жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын саны кыйла көбөйгөндүгүн билдирди.

"2021-жылдын жети айында эле Москвада Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен 916 кылмыш (негизинен адамга каршы) катталган. Көбүнчө мыйзамсыз аракеттерди Кыргызстандын жарандары өз мекендештерине карата жасашкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий