• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Жыл башынан бери Талас облусунда 26 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. 2024-жылдын курулуш мезгилинде Талас облусунун аймагында 36 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда пландалган жолдун 26 чакырымына асфальт төшөлдү. Анын ичинде:

  • Аманбаев-2ф – Лущихина (Молдо-Асан-Жоон-Дөбө) унаа жолуна 1км 700 метр асфальт төшөлүүдө. Учурда 2 км жол негизи даярдалып, асфальт төшөө күтүлүп жатат;
  • № 19 Жол тейлөө ишканасы Талас – Нылды – Покровка авто жолунун 3,2 чакырымына асфальт төшөлүп бүтүп, дагы 2 чакырым жол негизи даярдалып асфальттоо пландалууда. Ушул жылы Капиталдык салымдар беренесинен 7 км каралган;
  • Тараз – Покровка – Кайынды авто жолунун 31-41 км аралыгында жол бетин тегиздеп, профилировка иши жүрүүдө жана күз-кыш мезгилинде жолду кароого инерттик материалдар даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий