• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Жыл башынан бери Өзбекстанга Кыргызстандан 1,4 млн турист барган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Жыл башынан бери Өзбекстанга Кыргызстандан 1,4 млн турист барган. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика боюнча агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, январь айынан август айына чейин Өзбекстанга эс алуу максатында жалпысынан 5 млн чет элдик жаран кирген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,7%га жогорулаган, же 721 миң адамга көп келген.

Өзбекстанга айрыкча Тажикстандын (1,4 млн адам), Казакстандын (1 млн) жана Россиянын (5,3 млн) жарандары көп барган.

Эске салсак, Өзбекстанга 2023-жылы Кыргызстандан 1,6 млн турист кирген.

Пикир

Оставить комментарий