Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна 393,7 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна 2024-жылдын 4 айында 393,7 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Теңдөөчү трансферт – 128,1 млн сом;
  • Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 17,7 млн сом;
  • Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 16,4 млн сом;
  • “Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү” боюнча министрлер кабинетинин тескемесине ылайык 127,7 млн сом каржыланды.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 103,8 млн сом бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий