Жыл башынан тарта бишкектиктерге көрктөндүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн 9 млн сом айып салынган

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Январь айынан май айына чейин бишкектиктерге көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 млн 58,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Бул убакыт ичинде муниципалдык инспекторлор тарабынан 6 миң 802 чарба субъектиси, ишкана, уюм жана жеке чарба текшерилип, 858 протокол түзүлгөн. Анын ичинен 386 жеке жана 472 юридикалык жактар.

Пикир

Оставить комментарий