Жыл башынан тарта Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 1%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баалар 3,6%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,9%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 0,5%га, азык-түлүк эмес товарларга - 0,4%га кымбаттады.

"Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү республиканын бардык аймактарында белгиленди", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий