• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жылдын биринчи жарымында "Газпромдун" салык төлөмдөрү 3,3 млрд сомдон ашты

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобунун салык төлөмдөрү 3 млрд 340 млн сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 25%га өскөн. Анда 2 млрд 659 млн сом салык төлөнгөн.

"Газпром" компаниялар тобу Кыргызстандын ири салык төлөөчүлөрүнүн катарына кирет жана экономика менен коомдун өнүгүшүнө кылган салымын өз ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептейт.

"Газпром" компаниялар тобу иштеп баштаган мезгилден бери Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине салык жана башка төлөмдөр түрүндө 69 млрд сомдон ашуун каражат которулган, ал эми өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында "Газпром" тобунун үч компаниясы иштеп жатат:

- "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп КР аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат.

- "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

- "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий