• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

“Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Тизме

Коом 0

Бишкек, 04.10.29. /Кабар/. “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча төмөндөгү тарбиячылар байгелүү орундарга ээ болду:

1-орун - Ош шаарындагы №35 Асан-Үсөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Калмаматова Махабат Арапбаевна;
2-орун - Бишкек шаарындагы №12 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Асыкбаева Асель Конокбаевна;
3-орун - Нарын облусунун Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Мырзабекова Айзада Токтоналиевна.

“Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча:

1-орун - Бишкек шаарындагы №127 мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Кубаталиева Насип Кубаталиевна;
2-орун - Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Абдималикова Акылзат Абдималиковна;
3-орун - Нарын облусунун Нарын шаарындагы №1 “Ата-Түрк” мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Бегалиева Үмүт Ыбыраевна.

“Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясы боюнча:

1-орун - Бишкек шаарындагы №53 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Сулайманова Аида Айтбековна;
2-орун - Ош шаарындагы №32 “Береке” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Токтомуратова Жанара Өмүрбаевна;
3-орун - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы “Коңгуроочо” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Момбекова Жыпаргүл Токтомамбетовна.

“Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча:

1-орун - Бишкек шаарындагы №11 “Ак-Кеме” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич;
2-орун - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №45 “Наристем” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Асанов Бектур Мейманбекович;
3-орун - Ысык-Көл облусунун №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Лутовинова Юлия Анатольевна.

Белгилей кетсек, 1-3-октябрь күндөрү “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагы тарбиячылар, методисттер, мамлекеттик тил мугалимдери, музыкалык жетекчилер арасында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий