Жылдыз Полотова эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Полотова Жылдыз Арстанбековна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий