• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жыргалбек Мамаев Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Мамаев Жыргалбек Аскерович беш жылдык мөөнөткө Балыкчы шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн, 12-августта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койду.

Жыргалбек Мамаев КР Конституциясынын 95-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий