Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Жыргалбек Турускулов “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидерлигине шайланды. Бул тууралуу фракциянын мүчөсү Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, көпчүлүк депутаттар Турускуловдун талапкерлигин колдошкон.
Турускулов парламенттик фракцияны 2017-жылдын ноябрынан бери жетектеген Руслан Казакбаевдин ордуна келди.
Пикир
Оставить комментарий