• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Чүйдөгү №1 түзөтүү мекемесинде чыккан чуу токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Чүйдөгү №1 колонияда чыккан чуу токтотулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы№1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана режимдик иш-чаралардын натыйжасында, анын ичинде жалпы тинтүү, топтун баш ийбөөчүлүгүнүн башкы уюштуруучулары жана үгүттөөчүлөрү аныкталып, обочолонду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 11 грамм баңги заты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-саюучу буюмдар, курамында спирт бар колго жасалган 1 л зат жана 146 даана ар кандай буюмдар табылып алынды.

Аталган фактылар боюнча МКЖ АМСна каттоо жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды. №1 түзөтүү мекемесинде кырдаал туруктуу, мекеме штаттык режимде иштеп жатат.

Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгондордун кылмыштуу уюмдарына жана башка деструктивдүү топторуна каршы күрөшүү, ошондой эле пенитенциардык мекемелердеги жазык-криминалдык субмаданиятты жоюу боюнча системалуу иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий