Кара-Суу районунун 1-Май айылында ичүүчү таза суу маселеси чечилди

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу 1-Май айылынын ичүүчү таза суу маселеси чечилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа районунун 1-Май айылынын тургундары Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновго кайрылып, таза суу тартуучу насос оңдолбой, айылдыктар арыктан суу ичип жатканын айтып, маселени чечип берүү өтүнүчүн билдиришкен.

Ош облусунун башчысы аталган маселени тез арада чечүү үчүн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырма берген. Бүгүнкү күндө аталган суу тартуучу насос оңдолуп, айыл тургундарына таза суу берилди.

Пикир

Оставить комментарий