Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Зилалиевдин банк уячасында $900 миңге жакын акча чыккан - күбө

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Жыйында “Оптима банктын” өкүлүнөн сурак алынды.

Күбөнүн айтымында, анын милдеттеринин катарына юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү, эсеп ачуу ж.б. кирет. Бирок ал түздөн-түз Зилалиев менен эч кандай жумуш аткарган эмес.

“Мен ал бөлүмгө келгенде Зилалиевдин уячасы болгон. Андан кийин уячанын мөөнөтү аяктап калды. Талаптарга ылайык, уячаны жабыш керек же анан мөөнөтүн узартуу кажет. Кардар уячанын мөөнөтүн өзү белгилейт. Зилалиев уячаны бир жылга ачкан экен. Анын мөөнөтү узартылбаган учурда, биз билдирүү жөнөтөбүз. Анда келишим аяктагандан кийин банк бир айдын ичинде уячаны жабышы мүмкүн экени айтылат. Бирок, жөнөтүлгөн билдирүү кайра келген. Себеби кардар ал дарек боюнча жашабай жүргөн экен. Уяча, жетекчиге кызматтык кат жөнөтүлүп, андан кийин атайын комиссия түзүлгөндөн кийин ачылат”, - деди ал.

Анын айтымында Зилалиевдин банктык уячасында акча чыккан. Анда канча каражат болгону так эсинде жок, бирок, болжол менен 900 миң доллар болгон. Уячада акчадан башка эч нерсе болгон эмес. Ал каражаттардын баардыгы банктын сактоо жайына өткөрүлгөн. Болжол менен 3 жумадан кийин Зилалиев банкка келген.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий