• 87
  • 90.41
  • 0.84

Зиплайн, родельбан, тюбинг. Бишкекте 4 чакырымга созулган аркан жол курулат

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте жаңы туристтик объект — узундугу төрт чакырымга созулган аркан жол курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Solto Skyway Park`тын тышкы экономикалык байланыштар боюнча директору Айжан Кубанычбекова билдирди.

Анын айтымында, Solto Skyway Park аркан жолу — Бишкек шаарындагы жаңы эс алуу зонасы болуп эсептелинет.

“Аркан жолдун курулушу 20-апрелде башталат. Анын узундугу төрт чакырымга созулат. Аркан жол үч станциядан турат: биринчи “Ак Бешим” станциясы Асанбай кичирайонунда жайгашат жана ал аркан жолдун башталышы болот. Бул жерде тамактануучу, унаа токтотуучу жай курулат. Экинчи “Байтик” станциясында конференция өткөрүүчү жер, банкет залы жана аттракцион (зиплайн, родельбан, тюбинг) жайгашат. Үчүнчү фиништик “Солто” станциясы Боз-Бөлтөк тоосунда бийиктиги 1 миң 200 метр бийиктикте жайгашат. Мындай аркан жолдун аналогу Кыргызстанда болгон эмес”, - дейт ал.

Кубанычбекова аркан жолдун курулушу бир нече этаптар турарын айтып, биринчи этапка 20 млн доллар сарпталарын белгиледи.

“Курулушун ата мекендик инвесторлор каржылаганы турат. Белгилей кетсем, аркан жол бардык стандартка жооп бере тургандай салынат. Ал үчүн Австрия жана Германиядан адистер келет”, - деди ал.

Solto Skyway Park`тын тышкы экономикалык байланыштар боюнча директору кошумчалагандай, аталган эс алуу зонасынын 200 гектар жерине көчөт отургузуу өнөктүгү башталды.

Пикир

Оставить комментарий