• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Зыян 1,3 млн сом. Бажычылар мыйзам бузуу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бажычылар бажы мыйзамын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери "А. X." ЖЧКсына 2018-жылы Liebherr R 914 үлгүсүндөгү сүзгүчү бар чынжыр дөңгөлөктүү экскаватор келгенин жана убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөнүн аныктады.

Белгилүү болгондой, аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарылбастан жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргызстанда жайгашкан.

Аталган ишкана Кыргызстандын бюджетине айып туумдарын кошуп 1 млн 314 миң 588 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий