• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Зыян 1,6 млн сом. Панфилов РЭТнин кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Чүй облусундагы Панфилов райондук электр тармактарында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 млн 605 миң 749 сом болгон товардык-материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө материалдык зыян 1 млн 605 миң 749 сом толугу менен өндүрүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.

Учурда иш кароо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий