• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Зыяндын суммасы 52,8 млн сом. УКМК салык кызматкерин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматынын кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалаган.

Тактап айтканда, Н.С. аттуу салык кызматкери жасалма документтерди жасап, жаранды жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн. Жыйынтыгында республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 млн 870 миң сомду түзөт.

25-январда Н.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий