• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Алай районундагы Сары-Могол айыл өкмөтүндө муниципалдык мейманкана курулат

Аймак 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районундагы алыскы Сары-Могол айыл өкмөтүндө муниципалдык мейманкана курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мейманкананын курулушу муниципалитеттин карамагындагы жер тилкесинде жүргүзүлүп, бул өз кезегинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзөт.

Учурда мейманкананын куруу долбоорун 2024-жылга чейин бүтүрүү каралган. Мейманкана заманбап стандарттарга жооп берет жана аймактын коноктору үчүн бардык шарттар каралган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге муниципалдык мейманканын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Облус башчысы бул долбоорду колдорун билдирип, мейманкананын курулушу туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууда маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди.

Мейманкананын курулуш долбоору - Сары-Могол айылына келген чет элдик туристтерди жана конокторду кабыл алуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү демилге болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий