• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Мен мурдагылардын катасын кайталабайм. Президент алтын темасын улай маек берди

Президент 0

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорубузга жооп берген. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы сөздү улай жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сынга алуу менен мамлекет башчынын бир тууган агасын да сөзүнө кошуп кеткен.

— Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жергиликтүү радиолордун бирине маек берип жатып, журналист Болот Темировдун белгисиз алтын куймалары жөнүндө жарыялаган видео-материалына таянып, бийлик бул фактыга эмне үчүн кызыгып койгон жок деген суроо койду? Ал видеодо алтындар “Кумтөрдүкү” болбосо дагы, баары бир Кыргызстандан чыгарылып жатат да деген ойду айтты.

— Кыргызда “Шектүү шекшинет” деген жакшы сөз бар. Өзү ууру болсо эле башкаларды ууру тута берет. Кудай сактасын, биз аларга окшоп ууру эмеспиз. Өзүбүз уурдабайбыз жана башкаларга да уурдатпайбыз. Эгер кызыгуу жарата турган фактылар болсо, бийлик аларга видеосуз эле ыкчам киришип, алтындарды каттоосуз чыгарып кетип жаткандарды кармайт.

Азыр мамлекеттин алтынын эч ким чыгарып кете албайт. Ал эми жеке жактар, жеке менчик компаниялар салыктан, бажы төлөмдөрүнөн качып, өндүргөн алтындарын чыгарып кетүүгө аракет кылган учурлар бар. Андайларды далай жолу кармап, мамлекеттин пайдасына конфискация кылганыбызды билесиңер.

— Ошондой эле эл өкүлү: “Мындай болушу мүмкүн эмес” дебей, өкмөт текшерүү иштерин жүргүзсө болмок”,- деп билдирди. Ушундай текшерүү иши жүргүзүлдүбү? Же алдыда жүргүзүлөбү?

— Текшерүү иштери секунд сайын жүрүп турат. Бардык мамлекеттик алтын кендерине видео-көзөмөл байкоолор орнотулган. Алтын менен күмүштөрдүн ар бир граммы Улуттук банкка же “Кыргызалтын” ишканасына келип түшкөнгө чейинки процесси онлайн көзөмөлдө турат. Жүздөгөн, миңдеген көздөр карап турат. Андан ары дүйнөлүк базарга сатууга кетет. Сатуудан келген каражаттарды алтын казган мекемелер менен эсептешет. Ал каражаттар андан ары алтын казуу иштерине жумшалат.

— Кыргызстандан контрабанда жолу менен алтын чыгабы? Негизи эле өлкө аймагында канча алтын өндүрүүчү компания бар жана өндүрүлгөн алтындар кандай жол менен сатылат?

— Өлкө боюнча 132 алтын кени иштеп атат. Мунун ичинен болгону 17 эле алтын кенинде мамлекеттин үлүшү бар. Алардын баары онлайн көзөмөлдө. Эч бир мамлекеттик кызматкерде бир грамм дагы алтын уурдаганга мүмкүнчүлүк жок.

Калган жүздөн ашык кендерди жеке менчиктер иштетет. Булар тээ илгертен бери эле жеке менчикке берилип кеткен лицензиялар экен. Ушулардын кожоюндары алтындарын Улуттук банк же “Кыргызалтын” аркылуу сатпай, түз чыгарып кеткенге аракет кылып, анан кармалып жатышат. Мындай кадамга баргандарынын бир эле себеби – бажы, салык төлөмдөрүнөн качуусу.

Түз чыгарып кетсе, аларга пайдасы көбүрөөк болот да. Ошого карап контрабанда аркылуу чыгарып кеткенге аракет кылышат. Бирок кармалып, алтындары мамлекеттин пайдасына конфискация болуп жатат. Буларды УКМК, ИИМ, Чек ара, Бажы кызматтары биргелешип кармап жатышат. Анын баарын ачык эле көрсөтүп жатышпайбы. Кайсыл тармакта уурулук болбосун, баарын ачык көрсөтөбүз, жашыруун эмес.

— Алтынга байланыштуу иликтөөлөрдү же ар кандай окуялардын көбүн бир тууган агаңыз Сабыр Жапаровго байланыштырып келишет. Исхак Масалиев дагы сөзүнө кошуп кетиптир, сыр болбосо, агаңыз азыр эмне иш менен алектенет?

— Мен сөзүмдүн башында “Шектүү шекшинет” деген кыргызда жакшы сөз бар деп айттым го. Анын сыңарындай, менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же "казиношник" эмес. Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчандап жашагандардан эмес. Алар – ата тарбиясын көргөн адамдар.

Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!”,- деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет.

Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темировдор алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын.

Кимдер уурдап жаткан болсо, ачыкка чыгарып турушсун. Бизге (бийликке) бул пайда гана алып келет. Ууруларды он эселеп, жүз эселеп кайра кайтартканга даярбыз. Бирок “Сойку кайнене келининен шек санайт” боло беришпесин. Ошентип айтып койгула.

Биз тескерисинче, уурдагандарды чекесинен түрмөгө камап, он эселеп кайтартып жатабыз. Бир эле алтын кендеринен эмес, кайсыл тармакта уурулуктар болбосун, далилдер менен бизге жеткирип турсаңар, биз дароо ал жердеги уурулукту токтотобуз жана жазалайбыз. Бул бизге жардам гана болот.

Анан жөн эле болор-болбос жалган же жасалма видео-материалдарды элге жайылтып, арам ойлорун ишке ашырабыз дегендерге көңүл бурбайбыз. Андайларга көңүл бурганга убактыбыз да жок.

Маектешкен "Кабар" КУМАнын башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий