• 87.86
  • 93.94
  • 1

ЖКККББ: Акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан бардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул күнү кызматкерлер орто мектептердин аймагына бөлүштүрүлүп, коопсуздукту камсыздашат.

"Айрыкча бүтүрүүчүлөрдын кандайдыр бир укук бузууларына жол бербөө үчүн алдын алуу иштери күчөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуу кечерелери учурунда ичип алып унаа башкарууга, авто ээнбаштык жасоого жана жалпы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюулуп, унаалар текешрилип турат.

Пикир

Оставить комментарий