Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөттөн билдиришкендей, бүгүн республикалык штабдын кеңешмеси өтүп, анда премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берген.
Пикир
Оставить комментарий