• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

1-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 1-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +30...+35, Ысык-Көл облусунда +26...+31, Нарын облусунда +27...+32 градус болот.

Ал Бишкек шаарында абанын табы +37...+39 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий