• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто майыптыгы бар жарандар үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында майыптыгы бар адамдардын жана балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйынга, мекеме-ишканалардын, бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мКР министрлер кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин 9-отурумундагы протоколдук буйругуна ылайык, төмөнкү маселелер каралды:

• Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маданий-оюн-зоок мекемелерге (музейлерге, театрларга, кинотеатрларга) ээн-эркин барышына керектүү шарттарды (пандус, тутка жана башка түзүү;

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана балдардын Ош шаарындагы китепканалар кызматына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.

• Сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана балдарга маданий, чыгармачылык, спорттук ийримдерди, клубдарды ачуу жана атайын иш-чараларды уюштуруу;

• Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомунун аткарылышы.

Н.Кадыров көтөрүлгөн маселелер боюнча маалыматтарды угуп, келерки жылы Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн реабилитациялык борбордун жаңы имаратын куруу болжолдонуп жатканын билдирди.

Отурумдун жыйынтыгы менен, күн тартибине коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине төмөнкүлөр тапшырылды:

• Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча жана Ош шаарынын мэриясынын алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын/балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык Координациялык кеңештердин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын өз мөөнөтүндө камсыздоо;

• Транспорт коммуникацияларын, маалымат каражаттарын тоскоолдуксуз пайдаланууга шарттарды түзүү;

• Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун “Оштогу үйрөтүү өндүрүштүк ишканасы” жана “Дыйкан” түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасы тарабынан өндүрүлгөн товарлардын ассортименттерин сатып алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;

• Жашаган жерине, үйлөрүнө китептерди, журналдарды, газеталарды жеткирип;

• Ош шаардык маданият башкармалыгынын колдоосу менен инклюзивдик театрды, «Келечек» балдар чыгармачылык үйүндө кыймыл аракети чектелген балдар үчүн тиешелүү борбордү уюштуруу маселесин кароо.

Пикир

Оставить комментарий