Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачылды.

Аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, бала бакчалар райондун Жоош, Савай, Ала-Тоо, Манас, Ынтымак, Датка айыл аймактарында жайгашып, жалпы 42 тайпа ачылды. Мында эми 3-5 жаштагы 1600гө жакын бала билим ала алат.

"Келечек үчүн билим берүү" долбоору бакчаларга бардык шартты түзүп берди. Долбоордун алкагында Кара-Суу району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 37 бала бакча түзүлөт. 30-майда дагы 11 бакчанын ачылышы күтүлүүдө. Калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

"Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Алар учурда ийгиликтүү иштеп келет.

Пикир

Оставить комментарий