• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында гүл отургузуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы шаар аймагына гүлдөрдү отургузуу ишин улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме бул жылы шаардын эс алуу бактарына, аллеяларга, жол жээктерине, мекеме-ишканалардын айланасына 10 түрдөгү 185 миң даана гүл көчөт отургузат.

Белгилей кетсек, алардын арасында өткөн жылы эгилбеген жаңы түрдөгү циния, целония, герань, хрезантема сыяктуу гүлдөр бар.

Пикир

Оставить комментарий