• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кемин райондук стоматологиялык клиниканын директору мамлекетке 5 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кемин районундук стоматологиялык клиниканын директору мамлекетке 5 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызматтык жасалмачылык", "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору М.Т.О. кармалды.

М.Т.О. өзүнүн башкы бухгалтери Б.С. жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Н.С. менен ич ара сүйлөшүп алып, стоматологиялык клиниканын мурда иштен бошотулган кызматкерлерине билдирбестен, Кемин районунун банктарында алардын атына эсеп ачылып, эмгек акысын төлөп берүү шылтоосу менен 2017-2023-жылдар аралыгында акча каражаттары которулуп, накталай акчага айландырылган.

Маселен М.Т.О. өзүнүн жакын туугандарын кызын жана жубайын жумушка тариздеп, аларга эмгек акы эсептелинген, бирок алар иш жүзүндө иштеген эмес.

Мындан улам, мамлекеттик бюджетке 5 млн сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Т.О. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий