• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Кумтөр улутташтырылгандан бери мамлекет өзү башкарып, өкмөт парламентке отчет берүүдө – Игорь Шестаков

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кумтөр улутташтырылгандан бери мамлекет аны өзү башкарып, өкмөт парламенттин алдында отчет берип жатат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда алтынды казуу жана аны сатуу маселеси мамлекет көз карандысыздыкты алган жылдардан бери көңүл чордонунда болуп келген. Буга чейинки бийликтердин дарегине дал ушул постсоветтик мейкиндиктеги ири Кумтөр кенине байланышкан айыптоолор айтылып турган.

Шестаков ошол учурдагы бийликтердин кулашына таасир эткен себептердин бири ушул алтын кени болгон деп эсептейт.

"Мамлекеттин маанилүү байлыктарынын бири делген Кумтөрдүн маселеси боюнча кен казгандар ооба, отчет беришкен, эмне иштер кылынганын, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө инвестиция жумшалганын айтып турушкан. Бирок, жалпылап алганда, коомчулукка бул маселе жана башка кендер тууралуу маалыматтар ачыкталган эмес. Азыр Кумтөр улутташтырылгандан баштап мамлекет аны өзү башкарып, өкмөт болсо парламенттин алдында отчет берип жатат. Мен Жогорку Кеңештин жыйындарында тигил же бул министрлик алтын сатып жатат деп айткан сөздөрдүн көтөрүлгөндүгүн уга элекмин. Эми өз пикирлерин айткан саналуу депутаттар болсо керек. Жалпысынан алтын маселеси Жогорку Кеңеште объективдүү каралат. Ал эми президенттин жакындарына байланышкан маалыматтардын соцтармактарда тарап жатканы боюнча Садыр Жапаров ачык-айкын жооп берди деп ойлойм. Анкени ал депутат кезинде Кумтөрдү улутташтырыш керек деген демилгечилердин бири болгон. Ошондой эле белгилей кетчү жагдай, алтындын иштетилиши мамлекеттин канчалык деңгээлде кызыкчылыктарына пайдаланып жатканына кызыккан тараптардын катышуусунда мисалы, саясатчыларды, журналисттерди кошуп коомдук комиссия түзүү сунушун да президент айтты. Буга чейин мындай демилгени уккан эмесмин. Мындан улам бул сунуш алтындын айланасындагы материалдарга жооп десек болот", - деп белгиледи Шестаков.

Пикир

Оставить комментарий