• 87.86
  • 93.94
  • 1

Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүп кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Айтматов районунда үрөй учурган окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары аталган айылдын тургуну 1976-жылы туулган К.Н.ны издеп табуу үчүн ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөөсү үчүн чектөө коюлду. Шектүү мурда сот жообуна тартылган.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий