• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ичке-Сөгөттү тоосунда чыккан өрт 5 га жерди каптады, тилсиз жоо менен күрөшүү уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 22.09.17. / Кабар/. Кечээ, 21-сентябрда болжол менен саат 16:20 чамасында Кумбел менен Бостери айыл аймактарынын ортосунда жайгашкан Ичке-Сөгөттү тоосунда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2алгач 2 га куураган чөп жана арчалар күйө баштаган.

“КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 25 жана №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу өрттү өчүрүүгө тартылган.

Түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 22:30да убактылуу токтотулган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 5 га куураган чөп жана арчалар күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий