• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

БУУ эл аралык аренада тоо күн тартибин илгерилетүүдө Кыргызстандын лидерлик ролун белгиледи

Саясат 0

Бишкек, 10.05.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Нью-Йоркто БУУнун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммед менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Алар 2023-жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга карата өз ара аракеттенүү пландарын, жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-сапарларды, БУУнун башкы ассамблеясынын 79-сессиясын, Келечек Саммитин, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Бонн конференциясын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын 29-сессиясын белгилешти.

Асеин Исаев кыргыз тараптын демилгелери жана "Тоолор жана Климат" жаңы глобалдык диалогун БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын жылдык күн тартибине киргизүү боюнча иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Амина Мохаммед эл аралык аренада тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү Кыргызстандын лидерлик ролун белгиледи. Ошону менен бирге ал климаттык көйгөйлөрдү: тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана токойлордун көйгөйлөрүн чечүүгө комплекстүү кароо зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын делегациясы БУУнун токойлор боюнча форумунун 19-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына келди.

Пикир

Оставить комментарий