• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Акылман" президенттик лицейине 6-класстарды тестирлөөнүн графиги жарыяланды. Шарттары

Билим 0

Бишкек, 10.05.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата "Акылман" президенттик лицейине 6-класстарды тестирлөөнүн графигин жарыялады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сынактык тандоо үч турдан турат:

  • 1-тур: 11-13-май – онлайн тестирлөө,
  • 2-тур: 20-24-май – онлайн тестирлөө.
  • 3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин – ар бир облуста оффлайн тестирлөө өткөрүлөт.

Онлайн тестирлөөнүн I турунун графиги:

  • 11-май - Нарын облусу – 10:00-12:00, Ош облусу жана Ош шаары 15:00-17:00;
  • 12-май - Ысык-Көл жана Талас облусу – 10:00-12:00, Жалал-Абад облусу – 15:00-17:00;
  • 13-май - Баткенс облусу – 10:00-12:00, Чүй облусу жана Бишкек шаары- 15:00-17:00.

Биринчи турдагы тестирлөө 85 суроону камтыйт:

  • математика – 25 суроо,
  • логика – 15,
  • кыргыз тили – 15,
  • орус тили – 15,
  • тарых – 15.

Тестке 120 мүнөт (2 саат) берилет. Жыйынтыгы тестирлөө бүткөндөн кийин дароо көрсөтүлөт.

I турдун жыйынтыгы 17-май күнү саат 17:00дө Telegram каналында жарыяланат.

Толук маалымат @akylman.presidential_school Instagram баракчасына жайгаштырылган жана Telegram каналдагы “Акылман” Кабыл алуу - 2024” группасына кошулуу керек. Толук маалыматтарды ар бир облустун жана шаарлардын кошумча телеграм каналынан алууга болот.

Каналдардын аталышы:

  • “Кабыл алуу - 2024, Ысык-Көл”
  • “Кабыл алуу - 2024, Ош”
  • “Кабыл алуу - 2024, Талас”
  • “Кабыл алуу - 2024, Чүй”
  • “Кабыл алуу - 2024, Баткен”
  • “Кабыл алуу - 2024, Нарын”
  • “Кабыл алуу - 2024, Жалал-Абад”
  • “Кабыл алуу - 2024, Ош шаары”
  • “Кабыл алуу - 2024, Бишкек шаары”

Тестирлөөгө чейин тест тапшыра турчу гаджетти кубаттап коюу жана интернеттин жетиштүүлүгүн, ылдамдыгын текшерүү зарыл.

Уруксат берилет:

- тестирлөөнү уюлдук телефон, ноутбук же компьютер аркылуу тапшырууга (бирок бир учурда бирөөсү менен гана).
- тест учуру убакытка карап, айрым суроолор үчүн артка кайтууга (мисалы: оорчулук жараткан суроолорду аягына калтырыш үчүн);
- тест учуру таза барак менен калем колдонууга (мисалы: математикалык тапшырмаларды чыгаруу үчүн).

Тыюу салынат:

- тестирлөөнү скриншот кылып тартып алуу;
- тестирлөөнү запись экрана кылып тартып алуу;
- тестирлөө учуру камераны өчүрүп коюу;
- башка облустардын тестирлөөсүнө катышуу;
- өз адресинен (аккаунт) башка 2 же андан көп адрес ачып, 2 же андан көп жолу тест тапшыруу;
- тест учуру шпаргалка, китеп сыяктуу каражаттарды же кошумча гаджеттерди колдонуу;
- тест учуру бирөөдөн жардам суроо же камера көрбөгөн жерге басып кетүү;
- тест учуру exam.edu.kg сайтын жаап, ошол эле учурда башка вкладка (баракча, окно) ачуу;
- естирлөөгө бир эле учурда 2 же андан көп адрестен кирүү.

Билим берүү министрлиги эрежелерди бузган катышуучулар автоматтык түрдө сынактык тандоодон четтетилерин эскертет. Ал эми эреже бузуулар сайттын администрациясы тарабынан аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий