• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн капчыгайында россиялык үч турист изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайында россиялык үч турист дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн ӨКМдин куткаруучуларына "Спорттук туризм федерациясы" коомдук бирикмесинин башчысы Н.Даутов кайрылган. Ал россиялык үч турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Изделип жаткан жарандардын экөө 62 жашта болсо, бирөө 58 жашта.

Пикир

Оставить комментарий