Ирактан эки кыргызстандык бала мекенине кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Ирактан эки кыргызстандык бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-17-май аралыгында Иракта калып калган эки баланы мекенге кайтаруу максатында Кыргызстандын компетенттүү органдарынан түзүлгөн жумушчу топтун Иракка иш сапары уюштурулду.

Балдарды репатриациялоо өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында КР Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий