• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Коррупцияны алдын алууда коомдук уюмдардын ролу

Коом 0


Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Коррупцияны алдын алууда коомдук уюмдардын ролу” аталышында тренинг болуп өттү.

Иш-чара президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосунда уюштурулду.

Тренингдин максаты – коррупциянын алдын алууда коомдук уюмдардын ролун, коррупцияга каршы мониторинг жана социалдык аудит жүргүзүүдө коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн потенциалын өстүрүү болуп саналат.

Иш-чаранын катышуучулары коррупциянын алдын алууда коомдук уюмдардын ролу жана алар колдоно ала турган куралдар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чарага өлкөнүн бардык облусунан коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий