Муратбек Азымбакиев Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Малайзиянын премьер-министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон кайрылууларды кабыл алды.

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга жасаган иш сапары тууралуу абдан жылуу сөздөрүн айтып, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын зор дараметин белгиледи.

Малайзиялык авиакомпанияларга кыргыз тарап берген аба эркиндигинин бешинчи даражасын эске алуу менен эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды. Ошондой эле билим берүү, маданият, туризм, соода-экономикалык байланыштарды түзүү, инвестиция тартуу жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү маселелери козголду.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим үстүбүздөгү жылдын 15-16-майында Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды өркүндөтүүгө Кыргызстандын министрлер кабинетинин консультанты кызматына талапкерлерди тандоо процесси жүрүп жатканын билдирди.

Кызматташуу үчүн эки өлкөнүн чоң дарамети жана мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бардык зарыл шарттар бар экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий