• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркия Кыргызстандын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселесин кароого даяр

Саясат 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу КР президенти Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында өткөн.

Тараптар укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн жана коопсуздук күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соттук экспертиза жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу маселелери козголду.

Министр Казакбаев эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын төрагалыгы астында үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда болуп өткөн Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар маселелерди белгиледи.

Алсак, ал Кыргызстандын кызыкчылыктарын жана Түркияда жашаган КР жарандарынын укуктарын коргоого байланыштуу маселелерди көтөрдү.

"Түрк тарабы өз кезегинде КРнын укук коргоо органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, ТР аймагына дарылануу, окуу, туризм максатында келген кыргыз жарандарынын документтерин тариздөөгө/узартууга байланыштуу маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтө тургандыгына ишендирди. Атап айтканда, түрк тарап эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана жашап турууга уруксат берүүчү документтерди берүү мөөнөтүн кыскартуу маселесин кайра карап чыгууга макул болду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Сулейман Сойлу түрк тараптын Кыргызстандын жарандарын Түркиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган адамдардын тизмесинен (кара тизмеден) чыгаруу маселесин кароого даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий