Кыргызстан менен Австрия парламенттеринин депутаттык достук топторунун жетекчилери жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Австрия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Элдар Абакиров Австрия-Борбор Азия парламенттик достук тобунун жетекчиси Ева Эрнст-Дзиджич менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев катышты.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө, тармактык комитеттер жана достук топторунун ортосундагы диалогду кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Алгач депутат Эльдар Абакиров Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Австриянын Улуттук Кеңешинин тѳрагасы Вольфганг Соботка ортосундагы сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун белгилеп: “Бул жолугушуу парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берерине терең ишеним артабыз”, – деди.

Муну менен катар Кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берген Элдар Абакиров: “Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосунда байланышты арттырууга кызыкдарбыз. Бул үчүн эки тараптуу иш сапарларды байма-бай уюштуруубуз кажет”, – деди.

Андан тышкары, баарлашуу маалында экология чөйрөсүндө кызматташуу маселесине токтолгон Эльдар Абакиров Австрия тарапты жаратылышты коргоо, тоолорду өнүктүрүү жаатында биргелешип иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы алакалардын учурдагы абалы талкууланды.

Өз кезегинде Австрия-Борбор Азия парламенттик достук тобунун жетекчиси Ева Эрнст-Дзиджич да Австриянын Улуттук Кеңеши Жогорку Кеңеш менен жигердүү кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары, Австрия тоо туризми жаатында бай тажрыйбага ээ экенин белгилеген Ева Эрнст-Дзиджич аталган багытта адистерди даярдоо боюнча көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда туризмди өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сунуш-пикирлер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий