• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Ош шаарында ак элечек энелердин жүрүшү өттү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн Энелердин күнүнө карата өлкөнүн жети дубанынан келген 200дөн ашуун энелердин жөө жүрүшү өттү.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, анда улуттук баалуулуктарды сактоо чакырыгы айтылды.

Ак элечек кийген аялдар жөө жүрүштү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан баштап, борбордук аянттан өтүшүп, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына чейин барышты.

Ал жерден Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү көрсөтүлүп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий