• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нью-Йоркто Кыргызстан жана Сириянын ТИМ башчылары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Мекдад менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кыргыз тарап Сириядагы кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салып турат жана көптөгөн курмандыктарга, гуманитардык кырсыкка жана саясий кризистин андан ары күчөшүнө тынчсыздануусун белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстан Сириядагы бардык тараптарды БУУнун ортомчулугу менен өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнүн диалогу аркылуу ок атууну токтотууга жана кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Кыргызстан өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүүнү, Сириянын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоону жактай турганын белгилеп, дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракети сириялык кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууга жардам берерине ишенимин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын Сириядагы соттолгон жарандарынын балдарын мекенине кайтаруу маселесин да талкуулашты. Сириянын тышкы иштер министри бул маселеде керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий