Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 жеткинчек кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 жеткинчек кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн 38 куткаруучу, 60 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 40 адам, дрон жана 2 кайык тартылып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна 7 жаштагы К.М. жана 8 жаштагы Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий