• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкекте коомдук тартипти 2,7 миң милиция кызматкери камсыздайт

Коом 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Бишкекте ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, саптык кароого 2 миң 700 милиция кызматкери жана 1 миң элдик кошуундун мүчөлөрү катышты.

Ал комплекстүү профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле коомдук тартипти жана шаардыктардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

Саптык кароодо коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу милдеттери коюлду.

ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана элдик кошуундун мүчөлөрүнүн талаптарын сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий