• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаңы жылдык майрамдан соң, Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.01.19. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдан соң, 4 тонна (26 куб) таштанды чыгарылды. Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарадан соң, аянтты тазалоого 60 жумушчу жана 7 атайын техника тартылган.

Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, майрам күнү муниципиалдык ишкананын кызматкерлери таң эртеден тарта нөөмөттө турушкан. "Ала-Тоо" аянтынын аймагында кошумча 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнерлер коюлган.

Пикир

Оставить комментарий