• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо милиционерлер 9 жашар баланын күчүгүн куткарып калышты

Коом 0

Бишкек, 23.04.19 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында милиционерлер 9 жашар Нурболдун күчүгүн куткарууда көмөк көрсөтүшкөн.

Облустук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, ошол күнү милиция кызматкерлери Максат Абыкеев жана Анвар Рыскулов шаар кыдырып жүрүшкөн.

“Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде ачык кудуктун ичинен бир нерсени алып чыгууга аракет жасап жаткан бала алардын көңүлүн бурган. Жанына келгенде баланын аты Нурбол жана анын күчүгү кудукка түшүп кеткендиги маалым болгон. Бала эмне кылаарын билбегендиктен ыйлап жиберген. Ары-бери өткөн кишилер да карап турушкан, анткени алар муздак жана кир кудуктун ичине кирүүнү каалашкан эмес. Максат Абыкеев ошол замат кудуктун ичине кирип, чырпыктардын арасына кыпчылып калган күчүктү алып чыккан”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Нурбол күчүгүн куткарууга жардам берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, төрт буттуу досу менен үйүнө жөнөгөн.

Пикир

Оставить комментарий